8-ноябрдан тартып 20 айлык чектөөлөрдөн кийин АКШ толук эмделген чет өлкөлүк жарандар үчүн эшигин ачты.
Өлкөгө четтен адамдарды киргизбөө буйругун COVID-19 пандемиясы жаңы башталган 2020-жылдын башында ошол кездеги президент Дональд Трамп чыгарган. Быйыл жыл башында такка отурган мамлекет башчы Жо Байден да чектөөлөрдү алган эмес.
2020-жылдын мартынан тартып Американын чек арасы дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндөгү туристтер үчүн жабык болуп турду.
2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарынан тараган COVID-19 вирусу тездик менен дүйнөгө тарап, эл аралык жана ички каттамдар токтогон. Дээрлик бардык өлкөлөр пандемиядан улам чек араларын жаап, чектөөлөрдү киргизген. Бир нече ай бою тышкы дүйнө менен карым-катыш токтоп, жарандардын өлкө ичинде жүрүүсүнө да чектөөлөр салынган.
Коронавируска каршы вакциналар пайда болушу менен көпчүлүк өлкөлөрдүн чек арасы ачылган. Бул аралыкта дүйнөлүк экономика артка кеткен.
Дагы караңыз
Ноокатта бала бакчанын сатылган жери мамлекетке кайтарылдыКыргызстанда көмүр бир айда 10,4% кымбаттадыЭлектр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди