Иракта премьер-министр Мустафа ал-Казимиге кол салуу аракети болду. Премьер-министрдин кеңсеси билдирүү жасап, 7-ноябрдын таңында ал-Казиминин Багдаддагы резиденциясына жардыргыч заты бар дрон чабуул жасаганын билдирди. Резиденцияга ракета да атылган.
Жардыруудан премьер-министрдин коопсуздук кызматкерлери жабыркашты. Өзү жаракат алган эмес. Ал-Казими мамлекеттик телеканал аркылуу элди тынчтанууга чакырды.
Чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Бул окуя иранчыл саясий күчтөрдүн өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары уюштурулган учурга туш келди. Шайлоодо жеңилип калган ФАТХ кыймылынын тарапкерлеринин демонстрациясы бир нече аптадан бери уланууда. Алар шайлоо бурмаланган деп эсептешет.
Дагы караңыз
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө Корбашыны колго түшүргөн Булатов Тышкы иштер министрлигинин аталышы кайра өзгөртүлдү