Казакстандын Караганды облусунун Абай шаарындагы шахтадагы кырсыкта алты киши каза болуп, экөө оор абалда ооруканага түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-ноябрда таңкы саат 8:00 чамасы шахтадагылар газга ууланып калышкан.
Кырсык болгон учурда шахтада 64 адам болгон, алардын 56сы сыртка эвакуацияланган. Бийлик куткаруу иштери уланып жатканын кабарлады. Окуянын себеби иликтенүүдө. Атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү.
2008-жылы да “АрселорМиттал Темиртау” компаниясынын так ушул “Абай” шахтасындагы кырсык 30 адамдын өмүрүн алган. Алардын көпчүлүгүнүн сөөгү табылбай калган. (ErN)
Дагы караңыз
Эл ташыган кичиавтобус жол кырсыгына кабылды COVID-19: Pfizer компаниясы PAXLOVID дарысы 89% жыйынтык берерин билдирдиCOP-26: Глазгодо он миңдеген киши демонстрацияга чыктыОрусиядагы тажик мигранттары 1,5 миллиондон аштыКоронавирустан дагы үч бейтап көз жумдуТарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө Мирзиёев Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүүнү сунуштады