COVID-19: Pfizer компаниясы PAXLOVID дарысы 89% жыйынтык берерин билдирди

Pfizer компаниясы коронавируска каршы чыгарган жаңы PAXLOVID таблеткасы 89% жыйынтык берерин жарыялады.

Компания тараткан маалыматта айтылгандай, таблетканы сынап көрүүгө коронавируска чалдыккан жеңил жана орто даражадагы 1200 бейтап катышты.

Эгер дары диагноз коюлгандан соң үч күн ичинде ичилсе, дарттын оорлоп кетиши же өлүм коркунучу 89% азайганын адистердин байкоолору көрсөткөн.

Учурда компания PAXLOVID таблеткаларын колдонууга уруксат алууга документ даярдап жатат.

Октябрдын башында америкалык Merck жана Ridgeback Biotherapeutics фармацевтикалык компаниялары COVID-19 илдетинен дарылай турган "Молнупиравир" препаратын жактыруу үчүн АКШнын азык-түлүктү көзөмөлдөө башкармалыгына документтерин тапшырган. Британия бул дарыны колдонууга ноябрдын башында уруксат берди.

Дагы караңыз

COP-26: Глазгодо он миңдеген киши демонстрацияга чыктыОрусиядагы тажик мигранттары 1,5 миллиондон аштыКоронавирустан дагы үч бейтап көз жумду