Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону болду.
Күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 6-ноябрда 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалда армениялык Вазген Теванянды 10:2 эсебинде утту.
Акматалиев 4-ноябрда жарым финалда азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 менен жеңген.
Ал бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.
Ушул чемпионатта 4-ноябрь күнү кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы да Дүйнө чемпиону болгон.
Дагы караңыз
Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону болду (U-23)Кыз-келиндер күрөшүнүн көшөгө артындагы көйгөйлөрүАрдагер балбан Талант Бегалиев дүйнө чемпиону болду Балбан кыздардын багын ачкан күрөш мектебиКүрөш: Ослодо кыздар жазган тарых