Макрондун мурдагы жардамчысы үч жылга камалды

Александр Беналла.

Париж соту Франциянын президенти Эммануэль Макрондун мурдагы жардамчысы Александр Беналланы үч жылга камоого өкүм чыгарды. Жазанын бир жылын үй камагында өткөрөт. Мындан сырткары, беш жыл бою мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Беналла 2018-жылы жайында чырдын чордонунда болгон. Le Monde гезити 1-май күнкү Париждеги демонстрациянын видеосун жарыялаган. Тасмада полиция демонстранттарды кантип кармаганы, коргонуучу кийимдеги эркек кармалган адамдын башынын артына урганы тартылган.

Кийинчерээк ал жаранды урган киши полицияга тиешеси жок Александр Беналла экени ачыкка чыккан.

Макрон 1-майдагы окуяларга комментарий берип, жардамчысынын кылмышы үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирген.

Дагы караңыз

Мирзиёев журналисттер менен блогерлерди коргой турганын айттыУлуттук банк дагы бир жолу ири интервенция жасадыДүйшөмбүнүн адам укугуна мамилеси сынга кабылдыАКШ DarkSide тобунун лидерлери тууралуу маалымат бергендерге 10 млн. доллар убада кылдыЧек ара кызматы: Тажик жоокерлери кыргыз аскеринин автоунаасын таш менен урган