Улуттук банк дагы бир жолу ири интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы 5-ноябрда кезектеги интервенцияны жасап, өлкөнүн валюта рыногунда 55,4 миллион доллар сатты.

Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. Ошентип, жыл башынан бери жалпы суммасы 446,7 миллион долларга 11 жолу интервенция жасалды.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн.

2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап, 465 миллион 950 миң доллар саткан.

Дагы караңыз

Дүйшөмбүнүн адам укугуна мамилеси сынга кабылдыМирзиёев журналисттер менен блогерлерди коргой турганын айттыКыргызстан аялзат үчүн кооптуубу?Кыргызстан Өзбекстан аркылуу түркмөн газын алып келүүнү сүйлөшүүдө