Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамдуу иштеген бардык журналисттер менен блогерлер мыйзам жана президент тарабынан корголорун билдирди.
6-ноябрда Олий Мажлис жана Сенатта Мирзиёевдин инаугурациясы болду. Президент сөз сүйлөп, сөз эркиндигин өнүктүрүү, элди маалымат менен камсыздоо жаатында аракеттер уланып жатканын белгиледи. Ал сынчыл көз карашта айтылган пикирлер эски түзүм менен жашап жүргөн аткаминерлерге жакпай турганын кошумчалады.
Freedom House эл аралык уюмунун соңку баяндамасына ылайык, Шавкат Мирзиёев жасаган реформалардын арты менен маалымат каражаттарына бийлик тараптан басып жасоо азайган. Бирок бийликке сын айткандарды камоо же коркутуу уланып жатканы белгиленген.
Биринчи президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан соң мурда өлкөдө ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынган чет элдик медиалардын ишине уруксат берилген. Бирок алардын арасында "Азаттыктын" өзбек кызматы жок.
Дагы караңыз
Дүйшөмбүнүн адам укугуна мамилеси сынга кабылдыКыргызстан аялзат үчүн кооптуубу?Коронавирус жуккан дагы эки бейтап көз жумдуБишкектеги соода борборлорунда электрдин үнөмдөлүшү текшерилүүдөӨзбекстанда бороон акимчиликтин имаратынын чатырын учуруп кеттиПортугалиянын парламенти эвтаназияга уруксат берген мыйзамды кайра кабыл алды