Гидрометеорология агенттиги 7-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7-метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,
- Нарын жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -3...-8°.
- Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -7...-9, күндүз 4...6°.
Дагы караңыз
Мандат кумары: парламенттин жаңы депутаттарыБишкектеги соода борборлорунда электрдин үнөмдөлүшү текшерилүүдөКоронавирус жуккан дагы эки бейтап көз жумдуӨзбекстанда бороон акимчиликтин имаратынын чатырын учуруп кетти