Өзбекстанда бороон акимчиликтин имаратынын чатырын учуруп кетти

Пешку районунун администрациясы.

Өзбекстандын бир катар аймактарында 4-ноябрда катуу бороон болду. Бухара облусунун Пешку райондук акимчилиги жайгашкан имараттын чатырын катуу шамал учуруп кетти. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү маалымат каражаттарына жана район акимине таянып билдирди.

Имараттын алдындагы отургучтар, жарык берген мамылар сынып, электр энергиясы үзүлгөн.

Журналисттер чаң жана кум аралаш бороон болгонун жазышты. Адам өмүрүнө зыян болгон эмес.

4-ноябрда Өзбекстандын бир катар аймактарында, баш калаа Ташкентте да чаң, кум аралаш катуу шамал болгон.

Дагы караңыз

АКШ DarkSide тобунун лидерлери тууралуу маалымат бергендерге 10 млн. доллар убада кылдыПортугалиянын парламенти эвтаназияга уруксат берген мыйзамды кайра кабыл алдыБорбор Азияда жалпы ИДӨ 290 миллиардга жетти, Кыргызстандын үлүшү 3 пайыздан да аз Багдаддагы нааразылык акцияларында ондогон адам жараат алдыКыргыз-тажик чек арасы: кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү