АКШнын Мамлекеттик департаменти DarkSide хакерлер тобунун лидерлеринин тек-жайын же кайда экенин аныктоого жардам берген маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйлык жарыялады. Федералдык иликтөө бюросу бул топтун Орусия менен байланышы бар деп эсептейт.
Быйыл май айында DarkSide тобуна таандык хакерлер америкалык Colonial Pipeline компаниясына чабуул жасашкан. Компания ишти бир жумага токтотуп, хакерлерге биткоин эсебине 4,4 миллион доллар төлөп берүүгө аргасыз болгон.
Бир катар резонанстуу киберчабуулдардан кийин АКШ Орусиянын аймагында иштеп жаткан хакердик топторду айыптаган.
АКШ президенти Жо Байден 16-июнда Путин менен жолукканда АКШга жана анын өнөктөштөрүнө карата кибер чабуулдардын артында Орусия турганы аныкталса, Вашингтон катаал жооп кайтара турганын эскерткен.
Дагы караңыз
Португалиянын парламенти эвтаназияга уруксат берген мыйзамды кайра кабыл алдыБорбор Азияда жалпы ИДӨ 290 миллиардга жетти, Кыргызстандын үлүшү 3 пайыздан да аз Багдаддагы нааразылык акцияларында ондогон адам жараат алдыКыргыз-тажик чек арасы: кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү