Борбор Азияда жалпы ИДӨ 290 миллиардга жетти, Кыргызстандын үлүшү 3 пайыздан да аз

Акылбек Жапаров.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин жалпы ички дүң өнүмүнүн көлөмү 2020-жылы 290 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу 5-ноябрда Бишкекте өткөн "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын белгилешинче, 2020-жылы коронавирус пандемиясындагы дүйнөлүк кризисти кошпогондо, чөлкөмдөгү мамлекеттердин экономикасы соңку жылдары илгерилеп, 5тен 7% чейин өстү.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, Борбор Азияда экономикасы эң чакан мамлекет - Кыргызстан. Ушундан улам жалпы ички дүң өнүмдүн эң аз үлүшүнө ээлик кылат.

2020-жылдын аягындагы эсеп боюнча, Казакстандыкы 170 миллиард, Өзбекстандыкы 57,7 миллиард, Түркмөнстандыкы - 45,2 миллиард, Тажикстандыкы 8,2 миллиард, Кыргызстандыкы 7,7 миллиард долларды түзгөн. Жыйынтыгында, Кыргызстандын чөлкөмдөгү ички дүң өнүмдөгү үлүшү 2,7 пайызга гана тең.

Кыргызстан 2020-жылы ички дүң өнүм боюнча дүйнөлүк рейтингде 195 мамлекеттин арасында 148-орунду ээлеген.

Дагы караңыз

АКШ элчилиги визага байланыштуу кызмат көрсөтүүнү декабрда жандантат"Ынтымак" партиясынын эки талапкери тизмеден чыктыБалбандар Акматалиев жана Мырзаназар уулу Дүйнө чемпионатынын (U-23) финалына чыгышты