"Ынтымак" партиясынын эки талапкери тизмеден чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев менен Арзыбек Карыбеков парламенттик шайлоого талапкер болуудан баш тартты.

Алар өздөрү жазган арыздын негизинде 5-ноябрда тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Анын алдында Келдибаевде Орусиянын жарандыгы бар экени тууралуу маалыматты "Апрель" телеканалы кабарлаган. Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов мурда анын жарандыгына байланышуу маселе жаралып, кийин иликтөөнүн алкагында чечилген болушу мүмкүндүгүн айтты.

Келдибаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. Жетинчи чакырылышка "Ынтымак" партиясынын тизмесинде аттанган эле.

"Ынтымак" партиясынан жана Келдибаевдин өзүнөн тизмеден чыгуунун чоо-жайын жана орус жарандыгына байланыштуу маселени тактаганга азырынча мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет талапкерлер партиялык тизме жана бир мандаттуу округдардан ат салышууда.

Дагы караңыз

Балбандар Акматалиев жана Мырзаназар уулу Дүйнө чемпионатынын (U-23) финалына чыгыштыСтартап: жаңы муундун бизнесиКыргыз-тажик чек арасы: кирип-чыгуу тартиби өзгөрдүМосква полициясы мигранттарды текшерип, бир нечесин кармап кеттиВенгрияга түз каттам ачылат, Казакстан менен алака артат