Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Борбор Азияны биргеликте өнүктүрүү зарыл деп эсептейт.
Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн "Европа Биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форумунда билдирди.
"Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак катары гана дүйнөдө маанилүү ролду ойной алат. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт", - деди Байсалов.
Ал форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгат деп эсептейт.
Байсалов күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздоого жана башка маселелерди чечүүгө мүмкүндүк ала турганын кошумчалады.
"Европа Биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" форум өнөктөштөр ортосундагы маанилүү маселелерди талкуулоого арналган. Ага 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер, Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келди. Форумдун расмий бөлүгүндө, чакан ГЭСтер, айыл чарба, билим берүү жана жашыл экономика боюнча алты келишимге кол коюлду.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында алгач ирет өтүп жаткан бул иш-чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. (КЕ)
Дагы караңыз
Венгрияга түз каттам ачылат, Казакстан менен алака артатУрсула фон дер Ляйен: Борбор Азия санариптештирүү жаатында Европанын үлгүсүн колдонсо болотЖапаров: Евробиримдик менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда Париж: Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга тийишОшто талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттер боюнча тергөө жүрүүдө