Гидрометеорология агенттиги 6-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,
Ысык-Көл, Нарын дубандарынды түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -6...-11°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -9…-11, күндүз 0…2°.
"Азыркы кыргызстандык" подкастын угуңуз
Жыланга операция жасаган Жаңылбүбү "Музыка мээни тазалайт"Айперинин айыл философиясыАзрет «Гуглдан» ашкан долбоор ачат