Украинада COVID-19ду жугузуп алгандар эң жогорку чекти көрсөттү

Киевдеги вакцина борбору. 27-октябрь, 2021-жыл.

Украинада соңку бир сутка ичинде 27 399 адам коронавирусту жугузуп алды. Бул пандемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Инфекцияны жугузуп алгандардын буга чейинки бир күндүк эң жогорку саны 29-октябрда катталган. Анда 26 870 киши илдетке чалдыкканы ырасталган.

Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги 4-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде 699 бейтап COVID-19дан көз жумду.

40 миллиондой калкы бар Украинада коронавирустун курмандыктарынын жалпы расмий саны 70 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери 3 миллион киши вирусту жугузуп алды.

Адистер Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн биринде коронавирустун "дельта" варианты жайылып, эмдөө солгун жүрүп жатканын айтышууда. Мындан улам баш калаа Киевде 1-ноябрдан тарта жаңы эрежелер ишке кирди. Ага ылайык, шаардын тургундары ресторан-кафелерге, спорт залдарына жана соода түйүндөрүнө кирүү үчүн коронавируска каршы эмделгенин же тесттен өткөнүн күбөлөгөн сертификаттарды көрсөтүшү кажет.

Мындай эрежелер 3-ноябрда Киевде нааразылык акциясын жаратты.

Украинада калктын 17% же 7,6 миллион адам гана коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Дагы караңыз

Кыргызстан "Талибан" тобун азырынча тааныбайтЖалал-Абадда дүйнө чемпионун салтанаттуу тосуп алыштыКара-Кече көмүр кенинде жер көчүп, экскаваторду басып калдыЭл каттоо 2022-жылы жазында болот