Мамлекеттик ипотекалык компания октябрь айында 318 насыя берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2021-жылдын октябрь айындагы үч жумада 318 үй-бүлөгө ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеңилдетилген ипотека боюнча 270 насыя (698 млн. 734 миң сом) жана бардык жарандарга арзан ипотека багыты боюнча 48 насыя (128 млн. 569 миң сом) берилди. Мекеме бул сандар дайыма өзгөрүп тураарын билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

“Ижарага алынган турак жай” механизми коммерциялык банктар аркылуу эмес жарандарга түздөн-түз ижарага берилет. Бул механизмде банктардын маржасы жана баштапкы төлөмү жок болгондуктан ай сайын төлөмдөр аз болуп, жарандар үчүн бир топ жеңил”, - деп айтылат билдирүүдө.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар "Жеңилдетилген ипотека" 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана башка категориядагы бардык жарандарга "Жеткиликтүү ипотека" аркылуу 8% менен берилет.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык насыянын үстөгү 17-18% түзөт. (TSh)

Дагы караңыз

Сузакта окуучуга коронавирус жугуп, 31 жаран карантинге алындыМамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир алатШайлоо: Жээнбековдун маселеси БШКнын жыйынында көтөрүлөт