Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-5-ноябрда түнкүсүн аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
4-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланат. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...-7,
Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6,
Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,
Нарын жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10°.
Бишкек шаарында жаан, кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -5…-7, күндүз -3…-5° болот.
Дагы караңыз
Сот Равшан Жээнбековду абакта калтырдыФранцуз элчиси Австралияны калп айтты деп айыптадыЭлчилик орус полициясы сабаган кыргызстандык жаранга байланыштуу нота жөнөттү Facebook адамдын жүзүн тааныган технологиядан баш тартатБектенов: Казак компаниясы менен келишим түзүү иштери жүргөн жок