Глазгодо токойлорду сактап калуу декларациясына кол коюлат

Татарстандагы токойдун жок кылынышы

Глазгодогу климат конференциясында 2-ноябрда 2030-жылга чейин токойлордун жок болуп баратышын токтотуу милдеттенмелери камтылган документке кол коюлмакчы.

Биргелешкен билдирүүгө кол кое турган лидерлер келген өлкөлөргө токойлордун 85% туура келет. Арасында Бразилия, Индонезия, Конго Демократиялык жумурияты бар.

Британ премьер-министри Борис Жонсон токойлорду сактап калуу үчүн 2025-жылга чейин 12 мамлекеттен 12 миллиард доллар бөлүнөрү болжолдонууда деп айтты:

"Бул декларацияга кол коюу менен келгиле, каражатты түпкүлүктүү элдердин, жергиликтүү жаматтардын укуктарын коргоого, туруктуу жумуш орундарын колдоого жумшайлы. Ошондо токойлорду коргоо климаттын өзгөрүүсү өңдүү проблемаларды чечүү гана эмес, бардыгыбыздын жаркын келечегибиз үчүн туура багыт болот".

Дүйнө жүзүндөгү токойлор курулуш жана айыл-чарба муктаждыктары үчүн четинен жок кылынууда. Айлана-чөйрөнү коргоочулар бак-дарактар уулуу газдарды сиңирип аларын айтып, токойлордун талкаланышы атмосферанын жылышына алып келгенин белгилешет.

1-ноябрда башталган саммитке 120дай өлкөнүн жетекчилери, анын ичинде Орто Азиядан кыргыз президенти Садыр Жапаров катышууда.

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: Алты талапкер ат салышуудан баш тарттыКлиматтын таасири: Баткендеги аргасыз мигранттарБШК Мамытовду "Ынтымак" партиясынын тизмесинен алып салуу боюнча өтүнүч келтирди