Украинанын Коргоо министрлиги чалгындоо бөлүмүнүн 1-ноябрдагы маалыматына таянып, орусиялык аскердик бөлүктөрдүн украин чек ара аймагына дислокациясы катталбаганын билдирди. 31-октябрда The Washington Post гезити орусиялык аскерлер менен техника кошуна өлкө менен чек арага көздөй тартылып жатканын жазган.
Америкалык басылма кабарлагандай, АКШ жана Еврошаркет расмий билдирүү жасай элек, бирок өкүлдөрү апрелдегидей кырдаал түзүлгөнүн баса белгилешүүдө. Жазында Вашингтон жана өнөктөштөрү аннексияланган Крым менен Украина менен чек арада орусиялык аскерлердин топтолушуна тынчсыздануусун билдиришкен.
Киев Орусия куралдуу күчтөрүнүн украин багытына тартылышы тууралуу маалыматтарды психологиялык аракеттердин бир бөлүгү деп эсептейт.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров Глазгодо мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин көтөрдү2050: Кыргызстан көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөтCOVID-19: Орусияда бир суткада көз жумгандар кайрадан жогорку чекке жеттиЖапырт ууланууга балык себеп экени аныкталды "Азаттыктын" мөңгүлөрдүн эришин чагылдырган тасмасы Глазгодо көрсөтүлөт