COVID-19: Орусияда бир суткада көз жумгандар кайрадан жогорку чекке жетти

Орусиядагы оорукана

Орусияда бир суткада COVID-19 оорусунан көз жумган адамдардын саны кайрадан жогорку чекке жетти.

2-ноябрда өлкөнүн коронавирус менен күрөшүү штабы алдыңкы 24 саатта 1 миң 178 киши каза болгонун, инфекция 39 миңден көп кишиден аныкталганын билдирди. Баш калаа Москвада эле бир күндө 6 миңге чукул киши инфекцияны жугузуп алган.

Вирус орус бийлиги карантин, чектөөчү чараларды киргизгенине карабай жайылып жатат. 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жума эс алуу күндөрү деп жарыяланган.

Пандемия башталгандан бери 146 миллиондуу өлкөдө 8,5 миллион киши COVID-19га кабылды. Өлгөндөрдүн саны 241 миң кишиге жетип, бул жагынан дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турат.

Бирок штаб түздөн түз вирустан көз жумгандарды эске алса, Росстат - статистика агенттиги санактарын кеңири критерий менен жүргүзөт. Алардын 29-октябрдагы маалыматына ылайык, каза тапкандар сентябрда 462 миңдин тегерегинде болгон.

Адистер Орусияда эмдөө солгун жүрүп жатканын белгилешет.

Дагы караңыз

Жапырт ууланууга балык себеп экени аныкталды "Азаттыктын" мөңгүлөрдүн эришин чагылдырган тасмасы Глазгодо көрсөтүлөтЖеңиш Молдокматов кызынын телефону да тыңшоого алынганын билдирди