Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдолахян COVID-19га кабылды. Тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы министрдин "абалы жакшы, ишин обочодо улантууда" деп билдирди.
1-ноябрда министрлик Амир Абдолахян айдын аягында эки өлкөнүн биргелешкен экономикалык комиссиясынын ишине катышуу үчүн Индияга барарын маалымдаган. Ислам жумуриятынын бир катар жогорку өкүлдөрү коронавирус жугузуп алышкан.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 илдетинин 6 миллиондой учуру катталган. Бул жагынан Иран Жакынкы Чыгышта биринчи орунда турат. 84 миллион калктын 45% жакыны гана толук эмделген. Абал өзгөчө өткөн августта, вирустун дельта штаммы тараганда курчуп кеткен.
Дагы караңыз
Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталатБШК Министрлер кабинетинен Кудрет Тайчабаровго чара көрүүнү сурандыБаткендин бийлиги прокуратурага кайрылды Economist: Талас облусу дотациядагы аймактардын категориясынан чыкты