БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин административдик сотунун парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Иш сотто 2-ноябрда караларын БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Административдик сот 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот, деп билдирген.

Мамытов “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган. Аталган партия БШКнын чечими "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, партиянын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган эле.

28-октябрдан баштап парламент спикеринин милдетин Аида Касымалиева аткарууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот.

Дагы караңыз

Kloop басылмасынын түптөлгөнүнө 15 жыл болду Садыр Жапаров Британ ханзаадасынын сый тамагына чакырылдыБеларустан Польшага багыт алган мигранттардын агымы күчөдүШайлоо-2021: чет өлкөлөрдө 59 добушкана ачылат Бир мандаттуу округдан кимдер талапкер болду? ТизмеКанат Исаев менен Айнуру Алтыбаева шайлоого баруудан баш тартты