Сузакта 15 жаштагы кызды КамАЗ басып каза болду

Иллюстрация.

Сузак районунда 15 жаштагы кызды КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа басып калып, каза тапты. Окуя 31-октябрда кечки саат 6га жакын болгон.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жыгач-Коргон айылында КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай, машине оодарылып кеткен. Кыз окуя болгон жерде көз жумган.

Kaktus.media басылмасы КамАЗ таш жүктөп баратканын, таш кыздын үстүнө кулаганын жазды.

Окуяны Сузак райондук милициясы жол кырсыгы катары каттап, чоо-жайын териштирип жатат.

Дагы караңыз

Беларустан Польшага багыт алган мигранттардын агымы күчөдүГрузияда шайлоо жыйынтыгына каршы оппозициянын акциясы өтөт Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап барды