Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, Боом капчыгайында 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин атайын таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды. Кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылат.

Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Ооганстан: музыка жаңырган тойдогу ок атуудан кеминде эки киши каза таптыБийлик бутактарынан сүрүлгөн аялдарДоордун барагын жапкан Байжиев келбес жайга узадыПутин “Чоң жыйырмадан” Sputnik-V вакцинасын таанууга чакырды