Өзбекстанда жарандарды пахта теримге мажбурлап иштеткени үчүн беш аткаминер жоопко тартылды. Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги кабарлагандай, аларга административдик жаза колдонулуп, айыппул салынды. Бирок жазалангандар кайсы кызматта иштегени, кайсы аймактан экени айтылган эмес.
Мамлекеттик эмгек инспекциясына пахта терими мезгилинде мажбурлап талаага чыгарууга байланышкан 128 даттануу түшкөн.
Дүйнөдөгү эң көп пахта өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Өзбекстанда мажбурлап иштетүүнү токототуу үчүн эл аралык коомчулук Ислам Каримовдун президенттигинин тушунда бир канча жолу кайрылган.
Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2018-жылы өлкөдө студенттерди жана бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап ишке салууну азайтууга буйрук берген.
Дагы караңыз
Беларуста журналист Ивашинге чыккынчылык боюнча айып тагылдыЫсык-Көлдө концентратты мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталдыСССР доорунун белгилүү диктору Игорь Кириллов көз жумдуЫрчы Юлдуз Усманова автордук укукту бузганы үчүн моралдык чыгым төлөйт