Ысык-Көлдө концентратты мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды

Кармалган жүк.

Ысык-Көл облусунда тоо-кен заттарын мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды. Жүк 50 тоннадан ашарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталган. Мүшөккө салынган химиялык заттар 29-октябрда оор жүк ташуучу автоунааларга жүктөлүп баратканда колго түшүрүлгөн.

Жүктүн документтеринде жасалма белгилер аныкталып, автоунаалар УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын аймагына киргизилди.

Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, зыянды тактоо, кен иштетүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү иши жүрүп жатат.

Дагы караңыз

Кош тилдүү залкардын көркөм мурасы"Бакиевге "энергетиканы менчиктештирбе" деп айткам"Полковникти каматкан көмүскө жагдайларСССР доорунун белгилүү диктору Игорь Кириллов көз жумду