АКШ Ооганстанга дагы 144 миллион доллар жардам бөлдү

Ооганстандагы көрүнүш.

АКШ Ооганстанда уланып жаткан гуманитардык кризиске каршы күрөшүүгө дагы 144 миллион доллар берет.

Бул каражат жабыркаган элге, тагыраагы кошуна мамлекеттердеги ооган качкынарына жардам берчү көз карандысыз кайрымдуулук уюмдарына жолдонот. Бул тууралуу 28-октябрда АКШнын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорн билдирди.

АКШдан каржылык колдоо алган уюмдар ооганстандыктарга башпаанек берүү, чукул арада азык-түлүк жеткирүү, медициналык, санитардык каражаттар менен камсыздоо жана кышка даярдык көрүү үчүн сарпталат.

АКШ 2021-жылда Ооганстанга жана ооган качкындарына гуманитардык жардам катары бөлгөн акчанын эсеби ушуну менен 474 миллион долларга жетти.

Дагы караңыз

"Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" деген онлайн оюн жасалдыКыргызстан мобилдик интернет арзан өлкө Эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салдыБШК Шайырбек Ташиевге эскертүү берди