Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдыгына арналган илимий конференция.

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында 29-октябрда академиянын президенти, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, адабиятчылар катышып, Тургуналиевдин эмгек жолу тууралуу баяндамаларды жасашты.

Коомдук ишмердин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уланып, концерттик программа менен коштолду.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун бүтүрүп, 1975-жылы МГУда кандидаттык диссертациясын жактаган.

Ишеналы Арабаев атындагы КМУда окутуучу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында директор болуп иштеген. 1990-жылы КДКны уюштуруучулардын бири, тең төрагасы, “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар жетектеген.

Коомдук ишмер 2019-жылдын июнь айынан бери “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын жетектеп келе жатат. (MZh)

Дагы караңыз

Монголиянын Кыргызстандагы алгачкы элчиси ишке кириштиАкыйкатчы кеңсеси Равшан Жээнбеков боюнча сотко өтүнүч келтирдиОшто онунчу кабаттан секирүүгө аракет кылган келин куткарылдыМамкатчы Касмамбетов демократияны сындап, коммунизмдин жетишкендиктерин айтты