Борбор Азияда аялдар ишкерлигин колдоо боюнча программа ачылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор Азия аймагындагы төрт мамлекеттин аялдар ишкерлигин колдоого багытталган аймактык программа жүзөгө ашырыла баштады. Программанын презентациясы 28-октябрда Бишкекте өттү. Ага Кыргызстандын өкмөтүнүн, аялдардын бизнес-ассоциацияларынын, жарандык коомчулугунун өкүлдөрү жана Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү онлайн байланыш аркылуу катышышты.

Экономика ишмердүүлүгүнө катыштыруу үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ишкер аялдарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аларга мамлекеттик жана аймактык деңгээлде колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн программаны АКШнын Мамлекеттик департаментинин Аялдардын глобалдык маселелери боюнча башкармалыгы каржылаган уюмдар ишке ашырууда.

Бет ачар иш-чарасынын жыйынтыгында анын катышуучулары аялдардын бизнес-ассоциацияларынын коалициясын түзүү, аялдар арасында ишкерликти өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алышты.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт. (RK)

Дагы караңыз

Ооган эненин көз жашыИлбирстин санын аныктоо: Кыргызстан жаңы системага кошулдуИранда аялдарга футбол стадиондоруна кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн30-октябрдын аба ырайы