Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Империя пиццы” кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Шаардык милициядан билдиргендей, “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.
“Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланган адамдар боюнча тийиштүү маалыматтарды Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда Бишкек ШИИБине жана шаардык прокуратурага бергени маалым болду.
Аталган кафенин тамагына ууланганын айтып, Бишкектеги ооруканаларга кайрылгандардын саны 29-октябрда 318ге жетти. Уулангандардын ичинен кыркка жакыны балдар.
Уулангандар 22-23-24-октябрь күндөрү "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафени убактылуу жапкан. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланды. (JsA)
Дагы караңыз
ДССУ: дүйнө калкын эмдөө үчүн миллиардаган каражат зарылБорбор Азияда аялдар ишкерлигин колдоо боюнча программа ачылдыИранда аялдарга футбол стадиондоруна кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн30-октябрдын аба ырайы