30-октябрдын аба ырайы

Бишкек.

30-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11;

Бийик тоолордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…+6;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

18 мамлекет Кремлдин журналисттерге куугунтугу күч алганын айыптадыИри суммага алданып, куугунтукка кабылганын айткандардын акциясы уландыАида Касымалиева Жогорку Кеңештин спикеринин милдетин аткаратCOVID-19: Маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттендирилди