Кыргызстандыктар саясий партияларды жана талапкерлерди тандоодо чечимине таасир этүүчү фактор катары "билими жана сабаттуулугун" аташкан. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунда айтылат.
Сурамжылоого катышкандардын 30% билимине жана сабаты маанилүү деп жооп берсе, 30% партияны жана талапкерди тандоодо адилеттүүлүк, абийирдүүлүк сапаттарына басым жасаган.
29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган. (МТа)
Дагы караңыз
Таңкы Азаттык “Суук контейнерде кыштайбыз": Селден кийинки көйгөйКазак-кытай чегиндеги Пенжимде калайман мушташ чыктыМирзиёевдин дымагы, Борбор Азиянын эртеңи