IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады

Бишкектеги базарлардын бири.

Кыргызстандыктарды эң олуттуу көйгөй катары жашоо деңгээли, баалардын өсүшү ойлондурат. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган. Аталган институттун 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Бул жолу жумушсуздук көйгөйү экинчи орунга (51%) түшкөн.

Кыргызстандыктар андан кийинки негизги көйгөй катары коррупция, миграция, билим берүү, коронавирус, экономика-жакырчылык, социалдык кызматтар, жөлөк пул-пенсиялар жана саламаттык сактоону аташкан. Сурамжылоого катышкандардын 1% көйгөй жок деп жооп берген.

Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдары ж.б товарларга болгон баа кескин өстү. Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. (МТа)

Дагы караңыз

“Суук контейнерде кыштайбыз": Селден кийинки көйгөйКазак-кытай чегиндеги Пенжимде калайман мушташ чыктыМирзиёевдин дымагы, Борбор Азиянын эртеңиЖаңылыктар | 28.10.2021 | Бишкектеги суицид, ӨКМге доомат