Парламенттик шайлоого катышчу партиялар жана талапкерлер аныкталды

БШКнын сайты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катышчу партияларды жана бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттады.

Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды.

Каттоодон 21 партия өткөн. Алар: "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс" "Азаттык", Улуу-Журт", "Мекенчил Эл", "Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы", "Социал-демократтар", "Аруузат", "Ордо", "Багыт", Жашылдар", "Легалайз", "Күчтүү регион", "Жашасын Кыргызстан" жана "Эл үмүтү" партиялары.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталат. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (МТа)

Дагы караңыз

Сот БШКнын Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгардыТүркмөнстанда бийлик узун кезектин айынан нанды таңда сатууну буйрудуАкылбек Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү бердиСултанбаев: Президенттин чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат