Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Президент кол койгон мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институту жоюлуп, анын функционалдык милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
"Бул мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт", - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.
Статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо жана мониторингдун негизинде бул институттар өздөрүн актаган эмес деген тыянак чыгарылган. (МТа)
Дагы караңыз
Соттолгон бажычылар шайлоого барататКечки Азаттык (2-чыгарылыш) Сот БШКнын Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгардыМосквага билеттин баасы чек ара ачылгандан кийин кескин өскөн