Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Бишкектин административдик соту шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдагы мамлекеттик кызматкер талапкерлигин көрсөткөн күндөн тартып кызматын тапшырат деген милдеттеме Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешелүү эмес экенин, Талант Мамытов төрагалык кылуу менен катар депутат дагы экенин белгилеген. Талант Мамытов 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарууну вице-спикер Аида Касымалиева тапшырганы белгилүү болду.
24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетпегендигине байланыштуу талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечим кабыл алган.
2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.
“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, "Ынтымак" партиясынын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (МТа)
Дагы караңыз
“Суук контейнерде кыштайбыз": Селден кийинки көйгөйПрезиденттик администрациянын реформа бөлүмүн Аскар Бешимов жетектейт Улут саламаттыгын талкалаган инсультАмерикалык сенатор Ооганстан боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады