Америкалык сенатор Ооганстан боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады

АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана АКШ сенатору, Ирак согушунун ардагери Тэмми Дакворт.

АКШ сенатору, Ирак согушунун ардагери Тэмми Дакворт Ооганстандагы согушту иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады.

"Биз 20 жылдан кийин, салык төлөөчүлөрдүн триллиондогон доллар акчасын салгандан кийин кетерибиз менен бир жума өтпөй Ооганстандын кыйрап калышынын себебин түшүнүүбүз керек", - деди Дакворт.

Сенатор 2004-жылы Ирактагы согушта жарадар болуп, эки бутун кестирүүгө аргасыз болгон. Ал аскерлер Ооганстанда талибдерди бийликтен кетирип, "Аль-Каида" террордук тобун (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) кыйратуу боюнча алгачкы тапшырманы ийгиликтүү аткарышканын кошумчалады.

Дакворттун айтымында, көз карандысыз комиссия Оогастан боюнча саясий жана стратегиялык чечимдерди карап чыгышы зарыл.

Ал ошондой эле "каталарыбыздын түпкү себебин билүү үчүн" комиссия аскердик жаңжалдын тарыхын гана эмес бардык өкмөттүк агенттиктердин ролун иликтеши абзел.

Сенатордун айтымында, комиссия келечек муун мындай каталарды кайталабаш үчүн өз сунуштарын бериши шарт.

Америка ушул жылдын 31-августуна чейин бардык аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткен. Августтун орто ченинде "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийликти басып алган.

АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга 2001-жылы киргизилген.

Дагы караңыз

Бишкектеги жапырт уулануу иши күч түзүмдөрүнө берилдиКазакстан: Пенжимдеги мушташка байланыштуу кылмыш иши козголдуПакистанда диний партиянын тарапташтары менен кагылышууда үч полиция кызматкери көз жумду