Казакстан: Пенжимдеги мушташка байланыштуу кылмыш иши козголду

Пенжим айылынын кире бериши. Казакстан. 28-октябрь, 2021-жыл.

Алматы облусунун полициясы билдиргиндей, Пенжим айылындагы 28-октябрга караган түнү болгон калайман мушташка байланыштуу «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Мурдараак айылдык мектептин жогорку класстарынын окуучуларынын ортосунда калайман мушташ болуп, жыйынтыгында 16 жаштагы өспүрүм ооруканага түшкөнү кабарланган. Бир нече бала жабыркаган.

Полиция тараткан билдирүүгө ылайык, «мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташтан кийин отуздай адам чогулуп, бир нече турак-жайдын жана автоунаалардын терезелерин сындырып кетишкен». Азырынча канча үй-мүлк жабыркаганы белгисиз. Полиция департаменти айылдагы кырдаал көзөмөлгө алынганын кабарлады.

Пенжим айылы казак-кытай чек арасынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда беш миң уйгур, жети миңдей казак улутундагы эл отурукташкан.

Панфилов районунун акими Талгат Умралиев айрымдар бул мушташтан улам улуттар аралык маселени көтөрүп жатышканын, бирок бул кадимки бейбаштык экенин билдирди.

Казакстан элдер ассамблеясынын расмий өкүлү Майя Бекбаева өспүрүмдөр «чагымчылардын» таасирине кирип, эмоцияга алдырып жибергенин белгиледи.

Дагы караңыз

Маалыматтарды ыкчам табууга мүмкүнчүлүк берген сайт ачылдыПакистанда диний партиянын тарапташтары менен кагылышууда үч полиция кызматкери көз жумдуАлдамчылыкка шектүү аялды камоону талап кылгандар акцияга чыгышты