Судандын коопсуздук күчтөрү аскердик төңкөрүштөн кийин нааразылык акциясына чыккандарды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ чачып, желим ок менен аткылашты. Ошондой эле 27-октябрда демонстранттар жапырт кармалып жатканы маалым болду. Алардын арасында үч таанымал демократ ишмер дагы бар. Демонстранттар коопсуздук күчтөрүн көздөй таш ыргытышканын "Франс-пресс" агенттиги жазды. Маалыматтарга караганда, армия жетекчилиги чет жактагы алты элчисин өз милдеттерин аткаруудан четтетти. Судан мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Евробиримдик, АКШ, Кытай, Франция, Катар жана Женевадагы элчилер кызматтарынан алынды.
Эл аралык коомчулук Судандагы аскердик төңкөрүштү айыптап, кармалган министрлерди бошотуусун талап кылууда. Дүйнөлүк банк бере турган жардамдарын токтотту, Африка союзу Судандагы төңкөрүштү "конституциялык эмес" деп атады. Буга чейин АКШ дагы Суданга каралып жаткан 700 миллион долларлык чукул жардамды токтоконун жарыялаган.
25-октябрдын таңында аскерлер өкмөт башчы Абдалла Хамдукту жана башка министрлерди, штаттардын губернаторлорун жана саясий партиялардын жетекчилерин кармап, бийликти басып алышкан. Хамдук кийинчерек бошотулган.
Дагы караңыз
Алдамчылыкка шектүү аялды камоону талап кылгандар акцияга чыгыштыГенерал Милли Кытай үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракетаны сынаганын ырастадыТамак-аштан уулангандардын саны 300гө жетти