БШК: Чүчү кулак каттоо бүткөндөн кийинки беш күн ичинде жүрөт

БШК. Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардагы талапкерлердин тизмедеги жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак кармоо процесси каттоо бүткөндөн кийинки беш күн ичинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, БШК талапкерлердин документтерин текшерип, каттоону аяктары менен аларды тизмеге жайгаштыруу жараянына киришет:

“29-октябрдан тарта үгүт иштери башталышы керек. Ушуга байланыштуу саясий партиялар да бизден тездетип берүүбүздү суранып жатышат. Эгер кайсы бир талапкер сотко кайрылып же шайлоого катышуу ниетинен баш тартса, анда жараян бир аз созулушу мүмкүн. Анткени сот карап чыкканча убакыт керек болот”.

Кайрат Маматовдун сөзүнө караганда, алдыдагы беш күндө саясий партиялардын жана талапкерлердин мамлекеттик телеканалдардагы акысыз жарнамалык убактысын бөлүштүрүү боюнча да чүчү кулак кармалат.

Бүгүн, 28-октябрь – БШК шайлоого катышууну көздөгөндөрдүн документтерин текшерип, каттоого алуучу акыркы күн. Бул процесс саат 24:00гө чейин жүрөт.
29-октябрдан тартып үгүт иштери башталат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо 28-ноябрда болот. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык бул жолу парламентке саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Алдамчылыкка шектүү аялды камоону талап кылгандар акцияга чыгыштыГенерал Милли Кытай үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракетаны сынаганын ырастадыШайлоо-2021: Бир мандаттуу округдардан 326 талапкер катталдыМаалыматтарды ыкчам табууга мүмкүнчүлүк берген сайт ачылдыТамак-аштан уулангандардын саны 300гө жеттиКыргызстанга Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келди