Генерал Милли Кытай үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракетаны сынаганын ырастады

Үндүн ылдамдыгынан тез учкан DF-17 үлгүсүндөгү ракеталар Бээжиндеги аскердик парадга чыгарылган. 1-октябрь, 2019-жыл.

АКШнын Аскердик штабдарынын биргелешкен комитеттинин жетекчиси, генерал Марк Милли Кытай жыл башында үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракетаны сыноодон өткөргөнүн ырастады. Ал ошондой эле америкалык аскерлер үчүн бул 1957-жылы СССР дүйнөдөгү алгачкы спутникти учурган маалды эске салганын кошумчалады. Анткени ал кезде АКШ үчүн технологиялык жаатта артта калуудан кооптонгон.

Генерал Марк Мили Bloomberg телеканалына 27-октябрда курган маегинде, Кытайдын сыноосу "эң маанилүү окуя болуп калганын жана бул нерсе тынчсыздантарын" билдирди. Ал ошондой эле бул окуя баарынын көңүлүн бурдурганын белгиледи.

АКШнын Коргоо министрлиги Кытайдын сыноосу тууралуу маалыматты ырастоодон баш тарткан. Алгач бул окуя тууралуу Financial Times басылмасы 16-октябрда жазган. Андагы маалыматка ылайык, ракета Жерди үндүн ылдамдыгынан беш эсе тез ылдамдык менен айланып чыккан.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги ракетаны сыноодон өткөргөнү тууралуу маалыматты четке кагып, "бул ракета эмес, космос кемеси болчу" деп айткан.

Дагы караңыз

Рак менен алышып, өкмөттөн жардам күткөн дарыгер келин көз жумду Маалыматтарды ыкчам табууга мүмкүнчүлүк берген сайт ачылдыӨКМ: Өрт кырсыгынан эки адам набыт болду