Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдардан 326 талапкер катталды

Бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-октябрга карата бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 326 талапкерди каттады. Боршайкомдун маалыматына караганда, ошол эле учурда бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу ниетинен сегиз адам баш тартты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо туура бир айдан кийин, 28-ноябрда болот. Аралаш система менен өтүүчү шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын ичинен 21 саясий уюм курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү.

Боршайком 29-октябрга чейин келип түшкөн документтерди текшерип чыгат. 29-октябрдан үгүт иштери башталат. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (ZKo)

Дагы караңыз

Рак менен алышып, өкмөттөн жардам күткөн дарыгер келин көз жумду Маалыматтарды ыкчам табууга мүмкүнчүлүк берген сайт ачылдыТамак-аштан уулангандардын саны 300гө жеттиКыргызстанга Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келдиӨКМ: Өрт кырсыгынан эки адам набыт болдуБишкекте сегизинчи кабаттан боюн таштаган жигит каза болдуCOVID-19: Өкмөт муктаждар үчүн анализди бекер кылуу маселесин карады