Журналист Болот Темиров өзүнүн командасы менен маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com деп аталган сайт түздү. Андан каалоочулар 148 миң ишкана, 3,5 миллион кыргызстандык жаран тууралуу маалымат ала алышат. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү Болот Темиров “Азаттыкка” билдирди.
“Мурунку убакта биз иликтөө жүргүзүү үчүн маалымат издегенде бир ишкана же адам үчүн маалымат чогултууга 2-3 саат коротот элек. Программисттер менен сүйлөшүп, түрдүү булактардан маалыматтарды чогултуп берүүчү өзүнчө программа түздүк. Сайт аркылуу Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 148 миң фирма, шайлоого добуш берүүчү катары катталган 3,5 миллион кыргызстандык жаран тууралуу маалымат алууга болот”.
Болот Темиров азырынча сайт маалыматтарды 20 булактан чогултуп берерин, келечекте булактардын саны дагы көбөйөрүн кошумчалады.
Сайт аркылуу маалыматтарды алуу 2-3 айга чейин акысыз. Андан кийин издөөчүлөрдүн категориясына жараша акы алынмакчы.
Журналист Болот Темиров Кыргызстандагы FactCheck.kg cайтынын башкы редактору болуп иштеген. "Temirov LIVE" каналын негиздеген. Анын долбоорлору аркылуу Кыргызстандагы ири журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлгөн.(ZKo)
Дагы караңыз
Рак менен алышып, өкмөттөн жардам күткөн дарыгер келин көз жумду Тамак-аштан уулангандардын саны 300гө жеттиКыргызстанга Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келдиӨКМ: Өрт кырсыгынан эки адам набыт болдуCOVID-19: Өкмөт муктаждар үчүн анализди бекер кылуу маселесин карады Бишкекте сегизинчи кабаттан боюн таштаган жигит каза болдуБаткен: чек ара жаңжалы боюнча айыпталгандардын иши облустук сотто каралат