“Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылгандардын саны 28-октябрга карата 300 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, тамакка ууланып кайрылгандар Бишкекте эле эмес, Чүй облусунун аймагынан да катталган.
“28-октябрга карата кайрылгандар 300гө жетти. Кырктан ашууну жаш балдар”,- деди Мурзашев. Тамакка ууланып кайрылгандардын 70 чамалуусу ооруканада, анын ичинен 21и балдар.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.
Уулангандар 23-октябрда"Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала жыйынтыктар 29-октябрда чыгары айтылды. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланган.
Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишкен. 25-октябрда өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу салган тыюусу алынганы кабарланды.(ZKo)
Дагы караңыз
Баткен: чек ара жаңжалы боюнча айыпталгандардын иши облустук сотто каралатCOVID-19: Өкмөт муктаждар үчүн анализди бекер кылуу маселесин карады Баткен: Чек ара окуясында жабыркагандардын жөлөкпулу боюнча сунуш жактырылдыКытай гранты: Тоолуу-Бадахшандагы аскердик базаКытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы. Бээжиндин көздөгөнү эмне? Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий жыйынтыкталдыКоронавирустан дагы үч адам каза болду, 124 бейтап жаңы катталды