ӨКМ: Өрт кырсыгынан эки адам набыт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 28-октябрга карата 12 өрт кырсыгы катталып, андан эки адам каза болду.

Бишкектин Свердлов районундагы Маяковский көчөсүндөгү күйүп кеткен үйдөн 45 жаштар чамасындагы адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле Бишкектин четиндеги Кырман жаңы конушундагы автоунаа жуучу жай жана андагы вагон өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөр вагондун ичинен кишинин сөөгү табышкан. Учурда каза тапкандардын тек-жайы такталууда жана өрттүн себеби иликтенип жатат деди министрлик.

2021-жылдын тогуз айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматына 4 690 чакырууга барган. Алардын 3083ү өрт кырсыгы болгон. Жалпы кырсыктардын чыгымы 2,5 миллиард сомдон ашык деп эсептелген.(ZKo)

Дагы караңыз

Баткен: Чек ара окуясында жабыркагандардын жөлөкпулу боюнча сунуш жактырылдыКытай гранты: Тоолуу-Бадахшандагы аскердик базаКытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы. Бээжиндин көздөгөнү эмне? Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий жыйынтыкталдыКоронавирустан дагы үч адам каза болду, 124 бейтап жаңы катталдыКытай тажик аскерлерине Бадахшанда аскердик база куруп беретСоттолгон мурдагы бажычы Ражабалиев депутаттыкка талапкер болуп катталдыБишкекте сегизинчи кабаттан боюн таштаган жигит каза болду