Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталды

Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.

Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду бир мандаттуу №16 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттады. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" билдирди.

Равшан Жээнбеков "Кой-Таш окуясы" боюнча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Ал 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.

Жээнбеков шайлоо учурунда үгүт ишин кандай жүргүзөт белгисиз.

Адвокат Замир Жоошев 25-октябрдагы сот отурумунда "Кой-Таш окуясы" боюнча айыпталып жаткан төрт адам парламенттик шайлоого талапкер катары бараткандыктан сот отурумдарын шайлоо бүткөнчө токтото турууну суранган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.(МТа)

Дагы караңыз

Кан тамыр ооруларынан каза болгондорКыргызстанга Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келдиИнсульттун акыркы 4 жылдагы статистикасыИнсульттун статистикасы