Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматынан бошотулуп, президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Калматов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда аталган комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2021-жылдын 27-ноябрында дайындалган болчу.
Ырайым кылуу комиссиясынын буга чейинки жооптуу катчысы Таалайбек Апеновду соттолгон адамды ырайым алчулар тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын 18-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдаган. Аны президент Садыр Жапаров 26-октябрда кызматынан бошоткон. (КЕ)
Дагы караңыз
Консолидацияланган бюджеттин чыгаша бөлүгү 400 млрд. сомду түзөтЛейлектин акими шайлоого аралашканы үчүн кызматтан четтетилдиТаласта балбандарды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттүАпрель айында медиктер менен мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрү айтылдыТашкент менен НАТО өз ара кызматташтыкты талкууладыУкраин армиясы алгачкы жолу "Байрактар" дронунан сокку урду