Таласта жол кырсыгына кабылган "Тез жардамдын" эки кызматкери каза болду

Бакай-Ата районунда медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 64 жаштагы айдоочу менен 55 жаштагы медайым каза тапкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна маалымдашкандай, окуя 27-октябрда таңга маал болгон. "Тез жардам" Кызыл-Сай айылына чакырууга баратканда жол кырсыгына кабылган.

Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15% көп. Былтыркы тогуз айда 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жараат алгандар 31% көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган.

15-октябрда Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Кара-Ой тилкесинде "Хонда-Степвагон" машинасы "Дав" жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Натыйжада жеңил машинадагы айдоочу баш болуп сегиз адам мүрт кеткен. Арасында 12 жаштагы бала болгон.(JsA\MkT)

Дагы караңыз

Инандыга кыргыз паспортун берүү боюнча Мамкаттоонун мурдагы кызматкерине айып пул салынды Чыңгыз Эсенгулов маданият министринин орун басары болуп дайындалдыПентагон талибдердин “ИМ” тобуна каршы күрөшүү кудуретинен күмөн санады АКШ Судандагы төңкөрүштө камалгандарды бошотууга чакырды