Чыңгыз Эсенгулов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Чынгыз Эсенгулов

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп Чыңгыз Эсенгулов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-октябрда билдирди.

Жаңы дайындалган министрдин орун басарын эмгек жамаатына президенттин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов тааныштырды.

Чыңгыз Эсенгулов 34 жашта. Буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы жана өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген.

"Алмаз-Нарын" радиосунда, КТРКда жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында иштеген.

Дагы караңыз

АКШ Судандагы төңкөрүштө камалгандарды бошотууга чакырды Илбирстин санын аныктоо: Кыргызстан жаңы системага кошулдуБишкектин коңур күзүАкылбек Жапаров кыздарга өзүнчө спорт комплекси куруларын билдирди